Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2014-жылдын 25-июну № 60
Токтогул айылынын Орто-Кочо участкасына Субанов Атабектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 10-сессиясы Токтогул айылынын 2014-жылдын 15-июндагы жалпы элдик жыйынын сунушун карап чыгып жана «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул айылынын Орто-Көчө участкасына Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгек ардагери маркум Субанов Атабектин ысмы берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |