Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 1
Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн
Чоң-Алай айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө
Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Чоң-Алай айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагында түзүлгөн комиссинын сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу Жаш-Тилек айылына маданият үйүн куруу боюнча айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына сунушталсын.
3. Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу айылдардан келген көйгөйлөрдү эске алуу менен айылдык аймактын стратегиялык планы толукталып иштелип чыгылсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке тапшырылсын
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү, боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Д. Молдоболотов
|