Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 2
Чоң-Алай райондук ардагерлер, аялдар жана
жаштар кеңештеринин кайрылууларын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чоң-Алай райондук ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин кайрылуулары эске алынсын.
2.Чоң-Алай айылдык аймагында жайланышкан спирт ичимдиктерин саткан соода-сатык дүкөндөрү жана тамак-аш сатуучу ашканалар жай мезгилинде кечки саат 21-30да ал эми кыш мезгилинде кечки саат 19-30да жабылышын камсыз кылуу дүкөн, ашкана ээлерине билдирилсин.
3. Токтомго баш ийбөө менен мамиле жасагандарга мыйзамга ылайык административдик чара көрүлөөрү эскертилсин.
4. Токтомду аткаруу жана тиешелүү мекеме ишканалар менен иш алып баруу Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери», коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Д. Молдоболотов
|