Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №21/5
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жыл 29-февралындагы протоколунун жана Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 29-февралындагы №52 катынын негизинде
Депутаттардын Кара-Суушаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 1-пунктуна төмөндөкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, жаны аныкталып сатыла турган муниципалдык жерлерге аукцион өткөрүүнү, түз сатууну жана ижарага берүүнү эки айлык мөөнөткө (2012-жылдын 1-февралынан 2012-жылдын 1-апрелине чейин) токтотуп туруу милдеттендирилсин.
2. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 2,3-пунктары өзгөртүлүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Ю.Алиев |