Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 5
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы курулуш астындагы
жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтунун аймагындагы курулуш астындагы жерлерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу журуп, Төрт-Гүл айылдык округдук Кенешинин V-чакырылышынын XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтуно караштуу Чон-Талаа айылынан Тажикистан Республикасы менен коншулаш Чон-Талаа айылынын туштук чыгыш тарабындагы бузулган эски короонун ордун 1,60 га курулуш астындагы жер аянтын жана Чон-Кара айылынын туштук чыгыш тарабынан ийри-Сай участкасынан 0,10 га муниципалдык жер аянтын, Чон-Кара айылынын туштук чыгыш тарабынан башка (прочий) 0,04 га жер аянтын, курулуш астындагы 0,03 га жер аянтын, Чон-Кара айылындагы эски МТФнын туштук жагынан 0,04 га жана 0,40 га мелиоративдик курулуш астындагы жер аянттары муниципалдык менчикке каттоо жагы жанан аукционго коюу жагы айыл өкмөтуно жуктолсун.
2. Керектуу иш кагаздарын даярдоо жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттооо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
М. Жалалов |