Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №21/6
Кара-Суу-Дан-Азык» АКмун жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы №77 декретинин, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №57 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2011-жылдын 4-июлундагы №10/1070, «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун 2011-жылдын 4-августундагы №68, Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 12-сентябрындагы №423 каттарынын эске алып жана Кыргыз Республикасынын Салык жөнүндөгү Кодексинин 330 жана 334-беренелеринин негизинде
Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коому жер салыгынан жалпы суммасы 78,0 миң сом 2010-жылдын июнь айынан 2011-жылдын 31-декабрына чейин бошотулсун.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Ю.Алиев |