Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 29-августу № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында малдардын өлүгүн комуучу
атайын жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковдун 2014-жылдын 28-августундагы №211 сунушу депутаттар арасында кенири талкууланып Төрт-Гүлайылдык Кенешинин V-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык санитардык коопсуздукту, эпизоотиялык кырдаалды туруктуу кармоо максатында жана малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу, ооруп олгон малдарды, атылган иттерди ветеринардык эрежелердин негизинде комуп жок кылуу учун ар бир айылдан ынгайлуу болгон жер аянттары ажыратылып берилсин.
2. Жер аянттарын тактап ажыратып беруу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектоочу адиси Т.Толобаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрт-Гүл айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
М. Жалалов |