Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-марты №21/7
Акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн 2012-жылдын 6–мартында №1256 катын эске алып, ошондой эле Кара-Суу райондук ИИБнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүү, шаардагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын 2012-жылдын май майрамдарына даярдоо максатында жана шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосун эске алып
Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясына (А.К.Рахимов) Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 100,0 (жүз) миң сом, Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багына 15,0 (он беш) миң сом акча каражатын 2012-жылдын 1-январына калган эркин калдыктын эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.Ю.Алиев |