Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 10-декабры № 2
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун аймагындагы салык жыйымдарынын жана
ижара акыларынын жыйналышынын абалы жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун аймагында салык жыйымдарынын жана ижара акыларынын жыйналышынын абалы жөнүндө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун башчысы Н.Артыковдун билдируусун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V- чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун башчысы Н.Артыковдун айыл окмоттун аймагында салык жыйымдарынын жана ижара акыларынын жыйналышы боюнча тиешелуу уюштуруучулук иштерди жасагандыгы белгиленсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнун аймагында салык жыйымдарынын жана ижара акыларынын жыйналышынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
Төрт-Гүл айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
М. Жалалов |