Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 19-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көтөрүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 10-ноябрындагы №369-катын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында,Көк-Жар айыл аймагындагы тиешелүү жерлерден «Нефть изилдөөчү»Чжуннен» жана «Z-Explorer» жабык акционердик коому, нефть изилдөө иштерин жана Улуу-Тоо участкасында бурголоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. ОсОО «Нефть изилдөөчү «Чжуннен» жана «Z-Explorer» жабык акционердик коомунун изилдөө жана бурголоо иштеринен түшкөн кирешелерди жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөп турууга,көзөмөл жүргүзүп туруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |