Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 19-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчигиндеги жерлерин ижарага берүү тууралуу
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагы боюнча жаштарды спортко тартуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында,айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги спорт аянтчасынын түштүк- батыш тарабындагы жеринен спорт аянтчасын өз эсебинен куруу үчүн, конкурстук негизде көп жылдык мөөнөт менен келишимге негиз тиешелүү жер аянтын убактылуу пайдалануу менен ижарага берүүгө жана айыл өкмөтүнүн ген.планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ижарага жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагы,айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго,жер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Г. Абдуллаев |