Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 19-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Жээнтаевдин билдирүүсүнө негиз 2014-жылга карата кабыл алынган бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй:
-70111- бөлүкчөнүн 22153100 статьясынан 33 600 (отуз үч миң алты жүз) сомун, 70111- бөлүкчөсүнүн 22111100 статьясына,аппарат кызматкерлеринин окуу курстарына барып,окуп келүү үчүн сапардамалык чыгымдарына:
-702-бөлүкчөнүн 22154900 статьясынан 50 000 (элүү миң) сомун,70111-бөлүкчөсүнүн 22154900 статьясына биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине:
- 702-бөлүкчөнүн 22181100 статьясынан 40 000 (кырк миң) сомун,70823-бөлүкчөнүн 22154900 статьясына 2015-жаңы жылдык кечелерди уюштуруу иштерине:
- 702-бөлүкчөнүн 22181100 статьясынан 10 000 (он миң) сомун,710-бөлүкчөнүн 27211500 статьясына айыл тургундарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн:
- 70921-бөлүкчөнүн 22121100 статьясынан 30 000 (отуз миң) сомун,70111-бөлүкчөнүн 22154900 статьясына жыл жыйынтыгын тактоонун негизинде,ишканалардын алдыңкы кызматкерлерин акчалай сыйлык менен сыйлоо үчүн жылдырууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 1 548 000 (бир млн. беш жүз кырк сегиз миң) сом акчаны Росинбанк-Көк-Жар банктын имаратын сатып алууга жана максатуу пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Акча каражатын мыйзам чегинде жылдырып иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшылсын
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |