Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 19-4
Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы №667-б буйругунун негизинде,Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 25-ноябрындагы №377-катын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы калктын биометрикалык маалыматтарын өз убагында каттоону уюшкандыкта жүргүзүү максатында,Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен 75 000 (жетимиш беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |