Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-декабры № 20-1
Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо
жана анын орун басарын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештер жөнүндөгү мыйзамына ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2014-жылдын 01-декабрындагы жашыруун добуш берүүсүнүн жана эсептөө комиссиясынын 2014-жылдын 01-декабрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутаты Туманов Нурланбек Жаңыбаевич депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп дайындалсын.
2. Айылдык кеңештин төрагасынын сунушу жана депутаттардын колдоосунун негизинде Амиракулова Марзия Абдуллаевна депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра шайлансын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |