Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 21-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 26-декабрындагы №17-1-токтому жактырылып, колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдагы иштетилбей калган суммалардын эсебинен 548 000 (беш жүз кырк сегиз миң)сом акча каражаты Көк-Жар Росинбанктын имаратын балдар бакчасы кылып сатып алуу үчүн жылдырууларга макулдук берилсин.
3. Каралган акчаны максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |