Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин 2015-жылдын 12-январындагы геологиялык чалгындоо иштери үчүн №3851 ТР лицензиялуу«Кыргыз цемент» жоопкерчилиги чектелген коомдук ишканасынын кайрылуусу жөнүндөгү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн сунушун кароо туралуу
«Кыргыз цемент» жоопкерчилиги чектелген коом, Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасында лицензияда көрсөтүлгөн координаттар боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жана ушул участкага жакын жайгашкан жер аянтынан цемент иштеп чыгаруучу завод куруу үчүн 30,0 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнө кайрылган.Мына ушул маселелерди карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Кыргыз цемент» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасында лицензияда көрсөтүлгөн координаттар боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана ушул участкага жакын жайгашкан кайрак жер аянтынан, цемент иштеп чыгаруучу завод куруу үчүн көп жылдык мөөнөт менен 30га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижарага жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго,жер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Г. Абдуллаев |