Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-2
Жийде айылындагы Сасык-Бука сайына таш майдалоочу
жана аки таш чыгаруучу кичи ишкана ачуу жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы 515-токтомуна негиз, Көк-Жар айыл аймагында кичи ишканалардын санын көбөйтүү,айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында, Жийде айылына караштуу Сасык-Бука сайынын жайытка тиешелүү болгон 1263-1268-контурундагы 1га жерине таш майдалоочу жана аки таш чыгаруучу кичи ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго,жер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |