Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-4
«Каранай» толук эмес орто мектебине ат коюу жөнүндө
Каранай айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 14-январындагы элдик жыйынынын №1-протоколун жана «Каранай» толук эмес орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулушунун 2015-жылдын 29-январындагы протоколдорун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каранай айылынын жашоочуларынын жана «Каранай» толук эмес орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулуштарынын протоколдору колдоого алынсын.
2. «Каранай» толук эмес орто мектебине, персоналдык пенсиядагы ардагер Абдыганы Маматовдун ысымын коюуга макулдук берилсин.
3. Каралган маселе боюнча иш-кагаздарды мыйзам чегинде бүткөрүү жагы «Каранай» толук эмес орто мектебинин жетекчилигине тапшырылсын.
4. Ушул токтомду карап берүү жагы Ноокат райондук элге билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |