Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-5
Сарыкаңды айылындагы эски чайкананын максаттык багытын өзгөртүү тууралуу
Сарыкаңды айылындагы «Ак шоола» балдар бакчасынын башчысы М.Мамырованын «Ак шоола» балдар бакчасынын 2009-жылдан бери балдар бакчасы кылып иштетип келе жатканы,бирок бүгүнкү күнгө чейин анын кызыл китеби чайкананын атында тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарыкаңды айылында жайгашкан эски чайкананын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Анын багытын өзгөртүүдө,мыйзам чегинде карап,иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана Ноокат райондук архитектура жана мамкаттоо башкармалыктарынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |