Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдаланууга берүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл чарбасы,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын,Жийде айылындагы Ош-Кызыл-Кыя чоң жолунун боюндагы Сасык-Бука сайынын көпүрөөсүнүн айланасындагы бош турган жерлерди аукцион жолу менен мыйзам чегинде пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлеринен, ГСВ-14-15 оорууканасынын жанынан түнкү даарыкана жана УЗИ аппаратын иштетүүгө,аукцион жолу менен ижарага жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жер ажыратып берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо,айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясына,айыл өкмөтүнө жана башка жер боюнча тиешелүү адистерге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |