Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-7
«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынын билдирүүсү тууралуу
Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясындагы, «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 610 000 (алты жүз он миң ) сом болуп бекитилсин жана таштанды таштоонун жана экскватордун калькуляциялары тиркемеде көрсөтүлгөндөй тарифте макулдук берилсин.
2. «Көк-Жар -Тазалык» муниципалдык ишканасына айылдардан чыккан таштандыларды таштоо үчүн Дедек-Бүбү участкасынан тиешелүү жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын алдындагы аянтчаны акы төлөөчү унаалар токтоочу жайга уруксат берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышында мыйзам чегинде иш алып баруу жагы «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |