Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-8
Көк-Жар айылында жайгашкан эски клубдун имаратын бузуу жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган,айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу жактырылып, колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айылындагы борбордук базарды кеңейтүү максатында,базардын жанында жайгашкан,эскилиги жетип,бүгүнкү күндө талапка жооп бербей,пайдаланылбай жаткан клубдун имаратын,мыйзам чегинде бузууга макулдук берилсин.
3. Эски клубдун имаратын бузуп,борбордук базарды кеңейтүүдө,анын мыйзамдуу жагын карап,иш алып баруу жагы,айыл өкмөтүнө жана айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго жана башка тиешелүү адистерге милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы,жерге жайгаштыруу жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиялардын төрагалары М.Абдилазизовго жана О.Исаковдорго тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |