Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 22-9
Борбаш айылынын жашоочуларынын билдирүүсү тууралуу
Көк-Жар айылдыкеңешинин сессиясындагы,Борбаш айылынын депутаты К.Турабыевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жерди кайра бөлүштүрүү фондусунун Борбаш айлында жайгашкан суулуудагы таштак жерин пайдаланууга кыйын болгондуктан,жер кыртышын жакшыртуу максатында,ижарачыларга мыйзам чегинде,көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн КБФнун Борбаш айылындагы таштак жерди көп жылдык ижарага берүүдө,мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы,айыл өкмөтүнө,жер адистерине жана айыл аймагында түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовго тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Г. Абдуллаев |