Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 23-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын отчетторун угуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2014-жылда аткарылган иштер тууралуу,айыл өкмөт башчысы Н.Э.Козуевдин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевдин отчетторун угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынана 2014-жылда аткарылган иштери тууралуу айыл өкмөт башчысы Н.Э.Козуевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |