Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 24-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин жана
2016-2017-жылдарга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27- статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 19591,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
2. 2015-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
- Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондго чегерүү,тамак- аш жана коммуналдык кызматтарга) карожылануусу белгиленсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
-Кирешенин болжолу 2016-жылга 20313,8 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5281,3 миң сом менен) жана 2017-жылга 20676,6 миң сомго(республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4736,1миң сом менен) белгиленсин.
- Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
- Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары,мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык булл каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттке алынып коюлары эскертилсин.
6. 2015-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер булл айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдө киргизүүгө:
-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.
8. 2014-жылга айылдыкбюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыль өкмөтүнүн жана ФЭБнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
10. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 19508,3 миң сомго,чыгаша бөлүгү 19508,3 миң сомго жана кирешенин чыгашадан 2712,9 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |