Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 24-2
2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына
жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Ркүеспубликасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнүн негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылга карата жер ( айыл чарба багытындагы эмес,жер салыгы) жана мүлк (1,2,3-топтогу) салыгына салыктарды алуу төмөнкү коэфициенттер менен киргизилсин.
- Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына 1,2 жана мүлк салыгына 1,0 коэфициент:
- Таштанды төлөмү ар бир түтүнгө 75 сомдон болуп белгиленсин.
- Айыл өкмөттүн аймагындагы иштеп жаткан ишканаларда иштеген ар бир адам үчүн бир жылда бир жолу төлөнүүчү таштанды төлөмү киргизилсин жана анын өлчөмү ар бир адам үчүн 100 (бир жүз) сом болуп белгиленсин.
2. Тамарка салыгына 1278 кожолукка жеңилдик берилсин (пенсионерлер,көп балалуу,ВОВ катышуучулары,ДРА,Баткен,ЧАЭС,майыптар).
3. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу,айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет,соода,ишкердүүлүк боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г. Абдуллаев |