Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-январы № 8.1
Капчыгай айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтуу оз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөнүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык Кеңештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2.Айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |