Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы № 9.1
Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттери тууралуу айылдык өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы жөнүндө
Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу айылдык өкмөттүн башчысы Т. Кадырбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айылдык өкмөтүнүн аймагын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековдун маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековго:
-Айылдык өкмөтдүн аймагы боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терен байланышта иш алып баруу, жайыттарды ,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;
-социалдык обьектилердин өз деңгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;
-калктын аялуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу.
3.Бул токтомду ишке ашыруу Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы Т.Кадырбековго жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |