Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы № 9.2
Капчыгай айылдык өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин
аткарылышы жана 2015-жылдын бюджети жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна, Капчыгай айылдык округдук Кеңешинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пункутуна ылайык “Капчыгай айылдык өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджети жөнүндөгү” Капчыгай айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К. Кадырованын, Капчыгай айылдык округдук Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2013 -жылга аткарылышы 1289,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2014-жылга Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 5434, 4 сом өлчөмүндө бектилсин.
3. 2014-жылга райондук бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.(№4 Тиркеме тиркелет). Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү 2014-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айылдык өкмөттүн ФЭБ башчысы К. Кадыровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык округдук Кеңешинин социалдык, маданий, билим беруу, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык–экономикалык өнүгүүнүн божолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет, курулуш, транспорт, өнөр-жай соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |