Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы № 9.3
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан
өнүгүүсүнүн индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн индикативдик планын карап жана талкуулап чыгып Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн индикативдик планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).
2.Социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчылары А.Садаловго, М.Омуровго, У.Жапаровго милдеттендирилсин.
3.Индикативдик пландардын аткарылышы боюнча ай сайын маалымат берип туруу жана өз убагында эсептешүү жагы статист-экономист Аматов Таштанбекке тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлгө алуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Кадырбековго милдеттендирилсин.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |