Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 10.1
Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы көчүп-конууну тартипке келтирүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы көчүп-конууну тартипке келтирүү максатында депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайлоого көчүп кетүү 10-майдан 15—майга чейин.(кеч көчкөндөргө 500 сом айып салынсын).
2.Жайлоодон көчүп келүү 10-сентябрдан кийин деп белгиленсин. 10-сентябрдан эрте келген атуулдарга 500 сом айып салынсын.
3.Чөп орундуга түшкөн бодого 200 (эки жүз) сом, жандыкка 50 сом айып салынсын.
4.Башка айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан келген малдарга:
1.Бодого - 120 сом;
2.Жандыкка - 24 сом менен белгиленсин.
5.Чөп орундуга түшкөн эшектер жок кылынсын.
6.Бул токтомду аткаруу жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдунов жана айыл башчылар А.Саадалов, М.Омуров, У.Жапаровго милдеттендирилсин.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |