Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 10.3
Капчыгай айылдык өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин торагасы Б.Мойдуновдун маалыматы жөнүндө
Капчыгай айылдык өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдуновдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айылдык өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана милдеттер тууралуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу айылдарынын элдик жыйындын негизинде Жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдуновдун маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
2.Жайыт комитетинин төрагасы Б.Мойдуновго төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-Сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
-Жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-Өз убагында жайлоого көчүрүү жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-Жайлоого көчүп кеткиче малдын башын тактап чыгуу.
3.Бул токтомду көзөмөл кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы Т. Кадырбековго жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |