Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-майы № 11.1
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңеши Капчыгай айыл
өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу максатында Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айыл өкмөтүнүн А.Бегитаев атындагы «Сары-Бээ» орто мектебинин имаратын курууга долбоор жазуу үчүн Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинен 396 900 сом которулуп берилсин.
2.Кара Кулжа райондук администрациясынын алдында түзүлгөн өздүк ротанын формасы үчүн 20 790 сом акча каражаты которулуп берилсин.
3.Кара Кулжа районунун кире беришине Арка куруу үчүн Капчыгай айыл өкмөтүнүн атынан Кара Кулжа Биримдиги Коомдук фондуна кошумча суралган Капчыгай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 сом акча каражаты жок экендиги белгиленсин.
4.Кара Кулжа райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.Төлөновдун 20.05.2014-жылдагы чыгуу № 28-катынын негизинде жазылган 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр-отун алууга каражат кароо жөнүндөгү катынын негизинде Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинде каражат жок экендиги белгиленсин жана бул каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
5.Акча каражатын өз убагында которуу жагы жана токтомдо белгиленген тапшырмаларды аткаруу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
6.Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөл жүргүзүү жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кадырбековго жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |