Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 12.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Капчыгай айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы К. Кадырованын маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-январына жергиликтүү кирешеден 16 110,70 сом акча каражатын 2013-жылы Табиллар 1С программасы менен түзүлгөн келишим боюнча 18000 сом кредитордук карыз болгондуктан ушул акча каражатын 701 бөлүмүнүн түрдүү чыгымдар беренесине бекитилсин.
2.Айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы Кара Кулжа райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3.Бул токтомду турмушка ашыруу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |