Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 12.2
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүк 5-статьясынын негизинде жергиликтүү салыктардын түрлөрү: жер салыгы жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүк 5-статьясына негиз жергиликтүү салыктардын түрлөрү: жер салыгы жана мүлк салыктарынын 1,2,3 жана 4-группалары салыктардын 2014-жылдын 1-январынан салыктарын киргизүү жөнүндө Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүк 5-статьясына негиз жергиликтүү салыктардын түрлөрү: жер салыгы жана мүлк салыктарынын 1,2,3 жана 4-группадагы салыктардын түрлөрү 2015-жылдын 1- январынан баштап Капчыгай айылдык аймагына киргизилсин жана зоналдык коэффицент менен эсептелсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы коэфицент 1,0 болуп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адис (салыкчы) А.Бөкөбаевага милдеттендирилсин.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |