Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 13.1
Капчыгай айылдык Кеңешинин №2-сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунун депутаты Бектемиров Саматбек Болотбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутундагы 7-пункутчасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарыныны статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 13-абзацынын талаптарына ылайык Бектемиров Саматбек Болотбековичтин арызын карап жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 2-сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунун депутаты Бектемиров Саматбек Болотбековичтин турмуш шартына байланыштуу жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2.Ушул токтомду бекитип берүү менен 2012-жылдын 25-ноябрындагы жергиликтүү Кеңештерди шайлоонунун жыйынтыгында № 2-сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунан резервдеги көп добуш алган талапкерге депутаттык ыйгарым укуктарды берүү Кара Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Бүргөевге милдеттендирилсин.
Капчыгай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Азимбаев |