Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-июлу № 1
“Бала бакча уюштурууга берилген
ата-энелердин арызын канааттандыруу жөнүндө”
Кызыл - Суу айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын ХI-сессиясында Алп-Ордо, Коргон, Бөөн-жар жана Талаа, Чайчи, Корок, Кызыл-Талаа айылдарынын ата-энелери тарабынан берилген арыз жана элдик жыйындын токтому каралып, Н.Бапыгулов атындагы орто мектебинин 5 бош бөлмөсүн, С.Нышанбаев атындагы орто мектебинин 6 бош бөлмөсүнө ата-энелердин суроо-талаптарына ылайык балдар бакчасын уюштуруу жана ишке киргизүү маселеси талкууланды. Жогорудагы маселени карап, талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алп-ордо, Коргон, Бөөн-жар айылынын ата-энелеринин берген арызы канааттандырылсын, бала-бакча уюштурууга жана пайдаланууга Н.Бапыгулов атындагы орто мектебинин бир канатынын 5 бош бөлмөсү берилсин.
2. Балдар бакчасын уюштуруу жана жетектөө жагы Жунусбаева Чынарага милдеттендирилсин.
3. Талаа, Чайчи, Корок, Кызыл-Талаа айылынын ата-энелеринин берген арызы канааттандырылсын, бала - бакча уюштурууга жана пайдаланууга С.Нышанбаев атындагы орто мектебинин 6 бош бөлмөсү берилсин.
4. Балдар бакчасын уюштуруу жана жетектөө жагы Бостонбаева Телегейге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Маматалиев Жүнүскө тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |