Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-июлу № 2
“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XI-сессиясында Талаа айылынын мечитине жер тилкесин ажыратып берүү маселеси каралды. Мечит 2001-жылы курулуп бүткөн жана ишке берилген. Жер тилкеси үй куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесине чектеш, айыл чарба багытына жараксыз жер экенин жер адис Парпиев Ташполот тактаган.
Жогорудагы негиз менен Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Талаа айылынын мечитине ошол айылда айыл чарбасына жараксыз 0,15га жер участогу ажыратылып берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы иш Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
3. Кара-Суу райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнөн каттоого алуу жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |