Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну №21/1
Алай районунда элди таза суу менен камсыз кылууда айыл өкмөттөрү менен ИСКАКБлардын аткарып жаткан иштери жана өздүк төлөмдөрдүн мыйзамдуу пайдалануунун абалы жөнүндө
Алай райондук кеңеши туруктуу комиссиянын маалыматын жана ИСКАКБлардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын билдирүүлөрүн угуп талкуулоонун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элди таза суу менен камсыз кылууда айыл өкмөт менен ИСКАКБ лардын аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүү эске алынсын.
2. Жошолу айыл өкмөтүндөгү ИКАКБ нын аткарып жаткан жакшы иштерин бардык айыл өкмөттөрүнүн ИСКАКБ ларына жайылтуу максатында райондук семинар уюштуруу жагы райондук Таза-Суу коомдук бирикмесинин жетекчиси М.Токтобаевке милдеттендирилсин
3. Айыл өкмөт башчылары менен ИСКАКБлардын жетекчилерине жана Таза-Суу коомдук бирикмесинин жетекчисине (Токтобаев М) элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 5 пайыздык төлөмдөрдү топтоону жандандырып, кайтарууну аягына чыгаруу милдеттендирилсин.
4. Будалык, Корул, Конур-Дөбө, Үч-Дөбө айыл өкмөттөрүндө элди таза суу менен камсыз кылууну колго алып, донорлор, инвесторлор аркылуу элге таза суу жеткирүүгө чечкиндүү чаралар көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчылары Б.Осмоновко, А.Жороевке, Т.Жээнбековко, И.Кутушевага тапшырылсын.
5. Сары-Таш, Сары-Могол айылдык өкмөт башчылары элди таза суу менен камсыз кылууну тездетүү, куруу иштерин баштоо жагы айыл өкмөт башчылары Б.Тойматовко, Т.Мыйматовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М.Жеенбеков |