Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 2
Кызыл-Суу айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун
жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Парпиев Ташполоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кызыл-Суу айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы ижара баасы төмөндөгүдөй өлчөм менен бекитилсин.
1 га сугут жерге – 1500 (бир миң беш жүз) сом
1 га шарттуу сугут жерге – 1000 (бир миң) сом
1 га кайракы жерге – 400 (төрт миң) сом
1 га бакка – 1000 (бир миң) сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдраев Нурланга тапшырылсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |