Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 3
“Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө”
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонун негизинде Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тоорук аркылуу ижарага берүү боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин. (№1 тиркеме)
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү убактысы 2014-жыл 11-ноябрь деп белгиленсин.
3. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобонун негизинде иш алып баруу жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин финансы жана экономика жана социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |