Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 4
“Текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши депутат Маматалиев Жунустун демилгеси менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын карады. Анда мектептердин кышка болгон даярдыгы, оңдоп – түзөө иштери талкууланды.
Кетирилген айрым кемчилдиктерди жоюу, кызматчыга чара көрүү сунушу түштү.
Ж. Маматалиевдин сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, мектепти оңдон – түзөө иштери С. Нышанбаев атындагы жана Н.Бапыгулов атындагы орто мектептерде канааттандырарлык жүргүзүлдү деп табылсын.
2. Т. Абдираимов атындагы башталгыч мектебинин 2014-2015-жылга карата оңдоп – түзөө иштери Акчупаев Жүнүс (Мамажүнүс) тарабынан артка тартылып, финансы каражатын туура эмес жүргүзгөнү үчүн мындан ары М. Акчуноевди жумуштан бошотуу сунушу мектеп директору Кожошев Жылдызбекке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБнун башчысы Касимов Кимсанбекке жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |