Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 5
“Депутаттык мандатты кайтарып алуу жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XII-сессиясында депутат Дадабаев Кылычтын депутаттык мандатын кайтарып алуу маселеси Кеңештин депутаты О.Мамытов тарабынан коюлуп, депутаттардын талкуусунда каралды. Анын 27.02.2014-жылы VIII-сессияга, 15.05.2014-жылы IX-сессияга 28.05.2014-ж. X-сессия жана 10.07.2014-ж. XI-сессияга себепсиз катышпай айылдык Кеңештин иш чараларын аткарууда тоскоолдуктар жаралганын айтып өтүштү жана ал бүгүнкү күндө Казакстан Республикасына убактылуу жашап иштеп кеткени белгилүү болду.
Мыйзамдын 24-беренесинин 7-пунктуна ылайык Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дадабаев Кылыч Кызыл-Суу айылдык Кеңештин сессияларына, жыйындарына себепсиз катышпаганы үчүн Кызыл-Суу айылдык Кеңештин депутаттыгынан чыгарылсын.
2. Дадабаев Кылычтын депутаттык мандатын кайтарып алуу жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ж. Маматалиевге тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |