Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 6
“Намазкананын аталышын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши «Коргон» айылынын тургуну Маматалиев Жунустун арызынын жана 23.09.2014-жылдагы Коргон айылынын элдик жыйынынын токтомунун негизинде Намазканага аталыш берүү маселеси талкууланды. Намазкананын мурда аталышы жок экенин эске алуу менен айылдык Кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылындагы намазканага Маматалиев Мырзабектин ысымы берилсин.
2. Намазкананын имараты өз ордуна жаңыланып курулсун, курулуш иштери архитектуралык нормаларга ылайык бүткөрүлсүн. Бул ишти аткарууга алуу жагы Маматалиев Жунуска тапшырылсын.
3. Иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук архитектура, курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы дин иштери боюнча айылдык Кеңештин комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |