Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 7
“Көчөгө аталыш берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XII-сессиясында «Коргон» айылынын көчөлөрүнө жаңы аталыш берүү маселеси каралып, айылда болуп өткөн чогулуштун токтомунун жана тургундардын жеке арызынын негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылынын көчөлөрүнө төмөндөгүдөй аталыштар берилсин.
1 – көчө Исмаилов Базан атындагы;
2 – көчө Маматалиев Турдубек атындагы;
3 – көчө Ибрагимов Камал атындагы;
4 – көчө Абдиев Аван атындагы жана борбордук көчө Жусубалиев Атабай атындагы көчө деп бекитилсин.
Боон-Жар айылындагы көчөнүн аталышы Турдуев Али көчөсү деп бекитилсин.
2. Көчөнүн аталышын алган тургундар мындан ары көчөнүн тазалыгына, арык, жол, электр чубалгы, жарыктандыруу ж.б. маселесине көңүл буруп, иш алып барышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Коргон айылынын айыл башчыларына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |