Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 8
“Көчөгө аталыш берүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XII-сессиясында «Чайчы» айылынын көчөлөрүнүн аталыштары каралып, аталышы жок көчөлөргө аталыш берүү маселеси талкууланды.
Көчө тургундарынын чогулушунун токтомуна жана жеке тургундун арызынын негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чайчы айылынын көчөлөрүнө төмөндөгүдөй аталыш берилсин.
- Садыков Азизбектин үйүнөн Садыков Кылычбектын үйүнө чейинки көчөгө «Садык миң башы» көчөсү;
- Арзибаев Чынгыздын үйүнөн Сатаров Мажиттин үйүнө чейинки көчөнүн аталышы Субанов Коргонбай атындагы көчө;
- Тайлаков Топчубайдын үйүнөн Эрматов Ысмайылдын үйүнө чейинки көчөнүн аталышы Бобуев Темир атындагы көчө;
- Сулайманов Медердин үйүнөн Сыдыкова Рабиянын үйүнө чейинки көчө «Жалгыз - Терек» көчөсү деп аталсын.
2. Көчөнүн аталышын алгандар көчөнүн тазалыгына, арык, жолдордун оңдолушуна көңүл бөлүп, өз каражаты менен иш жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Чайчы айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Нышанбаев |