Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну № 21|2
Жаштарды спортко тартууда райондук дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Алай райондук кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана райондук дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун жаштарды спортко тартууда райондук дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн аткарып жаткан иштеринде кемчиликтер бар экендиги белгиленип, эскертүү берилсин.
2. Бардык айыл өкмөттөрдө спорт аянтчаларын оңдоп түзөө, спорт зал, спорт комплекстерин салдырууга инвестиция тартуу жана демөөрчүлөрдү табуу, жаштардын маданияттуу эс алуусуна шарттарды түзүү жагы бардык айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөттөр аралык спорттук мелдештерди уюштуруп, аны өз мөөнөтүндө аткарып туруу жана усулдук жардам берүү, мелдешке катышкан командаларды моралдык жактан колдоого демөөрчүлөрдү табуу жагы райондук дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы Н.Салиевге милдеттендирилсин.
4. Райондук деңгээлде майрам күндөргө карата өткөрүлүүчү спорттук мелдештерге респуликалык бюджеттен (физ.мероприятие) бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу, калыс бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия түзүү жагы райондук мамлекеттик администрациясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М.Жеенбеков |