Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 16-4
Он Эки Бел айылдагы элдин үлүшүнө тиешелүү чайкананы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө
Он Эки Бел айылындагы элдин үлүшүнө тиешелүү чайкананы айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө айылдык кеңешинин депутаты М. Мойдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылдагы элдин үлүшүнө тиешелүү чайкана айыл өкмөтүнүн карамагына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн карамагына чайкананы өткөрүп алуу боюнча үлүшү бар тургундарынын макулдук каттарын чогултуу айылдык кенештин депутаттары М. Мойдинов, А. Тажибаев, У. Жалилова жана айыл башчыга тапшырылсын.
3. Чайкананы өткөрүп алуу боюнча керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Ноокат райондук жер кадастры жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |