Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну № 21/3
Алай районунун “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобого ылайык райондук кеңешинин “Ардактуу атуул” берүү боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушун жакшыртууга, элдердин биримдигин достугун бекөмдөөгө жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо жылында өзгөчө салым кошушкан төмөндөгү атуулдардын эмгегине баа берип, колдоп, аларга Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1. Оморов Жунус-Алай районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы.
2. Мамаев Манас-Алай райондук мамлекеттик архивинин жетекчиси.
3. Садиров Токторбай- Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Алай райондук филиалынын жетекчиси.
4. Сарыбашов Т.Н. -Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким
5. Курманбеков Улукбек- “Ош-Сары-Таш-Эркештам” авто жол башкармалыгынын башчысы.
6. Жолдошев Расул- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана регионду өнүктүрүү агенттигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча төрагасы.
7. Жээнбеков Мырзаибрагим- ОсОО “МААРЭМ” ишканасынын жетекчиси.
8. Салиев Абдимиталип- Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы.
9. Арстанов Турдубек- Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жумушчусу.
10. Тажаматов Абдимажит- райондук Кеңештин жоопту катчысы.
11. Ташкулов Илияз- ТЖК департаментинде Алай, Чоң-Алай райондору боюнча өкүлү.
12. Молдобаев Мамыт- № 67 кесиптик лицейдин окутуучусу.
13. Кадыров Анарбай- Алай районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын инженери.
14. Зикиров Максатбек- Т.Отунчуев атындагы гимназия мектебинин директору.
15. Токторбаев Илимбек-Алай токойчулугунун токойчусу.
16. Ибрагимов Ганыжан- ДЭП-960 ишканасынын жетекчиси.
17. Сарыбаев Замирбек- Карыев а.о.мектебинин директору
18. Ойчуев Сапарбек-Алай райондук РФКП нын алдындагы Кичи-Каракол байланыш бөлүмүнүн башчысы.
19. Суранова Акбермет- Алай райондук ҮБД Б нун дарыгери.
20. Жеенбеков Нурланбек- Алай райондук Кеңешинин төрагасы.
2. Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы берилген атуулдарга берилүүчү иш кагаздарды даярдоо райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кенештин Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу комиссиясына жана райондук Кенештин аппаратына тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков |