Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-январы № 16-6
Он Эки Бел айыл аймагындагы айыл чарбасына ынгайсыз жана бузулуп кеткен короо-сарайларга тиешелүү жер аянттарын калктуу конуштардын чек арасын кенейтүү үчүн ген планын бекитүү
Он Эки Бел айыл аймагындагы айыл чарбасына ынгайсыз жана бузулуп кеткен короо-сарайларга тиешелүү жер аянттарын калктуу конуштардын чек арасын кенейтүү үчүн ген планын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагындагы айыл чарбасына ынгайсыз жана бузулуп кеткен короо-сарайларга тиешелүү жер аянттарын калктуу конуштардын чек арасын кенейтүү үчүн ажыратуу жагы каралсын.
2. Калктуу конуштардын чек арасын кенейтүү боюнча керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Ноокат райондук жер кадастры жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгхө алуу жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Кантов |